Тажикстан Кыргызстандын жаранын аткан чек арачыларын жазалоону убадалады. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат – Жаштык унаа жолундагы жаңжал болгон жерде Тажикстандын чек арачылары тарабынан КР жараны “Б.М.га” карата курал колдонуу фактысы боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.

Анын жүрүшүндө тажик тарапка болуп өткөн окуянын чоо-жайы жөнүндө маалымат берилди.

“Тажикстандын чек ара өкүлдөрү тажик чек арачыларынын аракеттерин жана алардын курал колдонуусунун мыйзамсыз экенин моюнга алышты. Тажик чек ара өкүлдөрү жаңжалдуу фактыга жол берген чек арачыларынын жоопкерчиликке тартыла турганын билдиришти”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган жаңжал Тажикстандын Аскер прокуратурасы тарабынан иликтенет.

Тараптар болуп өткөн жаңжалды бир тараптуу иликтөө тууралуу макулдашышты.

Мындан тышкары, жакынкы арада тараптардын чек ара заставаларынын жетекчилери менен Кыргызстан жана Тажикстандын чек арачыларынын мамлекеттик чек арадагы жүрүм-туруму боюнча биргелешкен машыгуулар өткөрүлөт.

23-декабрга карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.