Ош шаарында билим берүү жайы жана жанаша жайгашкан турак үйлөр күйдү.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей,  өрт 22-декабрда катталды.

Маалым болгондой, жалпы аянты 60 чарчы метр болгон «Самара» окуу борбору толугу менен күйүп, жанаша жайгашкан турак үйдүн 24 чарчы метр чатыры жана кийинки көчөдөгү турак үйдүн 140 чарчы метр чатыры күйдү.

Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, саат 18:00дө өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.