Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады.

2021-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери Эсенбек Дуйшеев 80 жаш курагында узакка созулган ооруудан дүйнө салды.

Эсенбек Дуйшеев 1941-жылы 22-июнунда Бакай-Ата районунун Ынтымак айылында туулган.
1963-жылы Кыргыз айыл чарба институтун, 1984-жылы Алма-Ата шаарындагы Жогорку партиялык мектебин бүтүргөн. КПСС мүчөсү (1965-1991-ж.ж)

Эмгек жолун 1963-жылы Ленинполь районунун Калинин атындагы колхоздо механик, башкы инженер болуп баштаган.

1966-жылы «Айыл чарба техника» бирикмесинде башкаруучу.
1975-1979-жылдары Кыргызстан айыл чарба министрлигинин механизациялаштыруу жана электрлештирүү башкы башкармалыгынын начальниги болуп эмгектенген.

1979-1980-жылдары Кыргыз ССРнин Иш башкармалыгынын айыл, суу чарба, даярдоо жана суу курулуш бөлүмүнүн башчысы,
1980-1985-жылдары Кыргызстан Коммунистик Партиянын Ысык-Көл райондук комитетинин биринчи катчысы, 1985-1988-жылдары Кыргызстан Коммунистик Партиясынын Талас облустук комитетинин биринчи катчысы, 1988-1990-жылдары Кыргыз ССРнин Мамлекеттик айыл чарба өнөр жай комплексинин төрагасынын биринчи орун басары,

1990-1991-жылдары Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин Төрагасынын биринчи орун басары — Кыргыз мамлекеттик агроөнөр жай жана азык-түлүк комитетинин төрагасы, 1991-1992-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы кызматында эмгектенген.

1985-1992-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
1989-1990-жылдары КПСС БК Контролдоо Комитетинин Президиумунун мүчөсү;
1991-жылы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер.

«Эмгек Кызыл Туу» орденинин ээси.

Кыргыз элинин чыгаан уулу, коомчулукта өзүнүн кайталангыс эмгеги менен элдин калың катмарына таанымал болгон ишмер Эсенбек Дуйшеев жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталат.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, А. К. Касымалиева, А. У. Жапаров, С. С. Касмамбетов, А. О. Кожошев, А. К. Аалиев, Э. Ж. Байсалов, К. К. Ташиев, А. С. Джаныбеков, А. К. Бакетаев, Р. А. Казакбаев, У. О. Ниязбеков, А. Б. Баетов, А. К. Жаманкулов, Д. Дж.Бекмурзаев. Б. Н. Нарбеков, Д. А. Кенекеев, А. Ф. Мукашев, Н. Т. Шерипов, М. К. Байдылдаев, Ж. А. Акималиев, И. Р. Айдаралиев, Т. Н. Беков, К. А. Асанов, Д. Б. Кенжебаев, А. Т. Сокеев, А. Д. Тен.