КР президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык байланыштардын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата эки мамлекет лидерлеринин биргелешкен билдирүүсүн сунуштайт.

«2021-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда дипломатиялык байланыштардын түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Түркия Республикасы Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп таанып, дипломатиялык байланыштарды орнотуп, биринчи элчилигин ачкан. 30 жыл аралыгында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер, жалпы тарых, маданият жана туугандык байланыштардын негизинде бардык тармактарда туруктуу жана тез өнүгүп келген.

2011-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку кеңешин түзүлүшү жогорку деңгээлдеги саясий диалогду бекемдөө, экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жана ар тараптуу маданий жана гуманитардык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү жолу менен стратегиялык өнөктөштүктгүн терең потенциалын ишке ашырууну андан ары тездетүү үчүн маанилүү окуя болуп калды.

Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк Өкмөттөр аралык комиссиясы жана Стратегиялык пландоо боюнча биргелешкен тобу сыяктуу кызматташуунун эффективдүү механизмдери жана жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз өз ара визиттери боордош өлкөлөрдүн эки тараптуу күн тартибин кеңейтүүгө жана жалпы кызыкчылыкты туудурган бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берди.

Парламенттер аралык иш-чаралар жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын ортосундагы үзгүлтүксүз өз ара визиттер да кыргыз-түрк мамилелеринин кыйла маанилүү мазмуну болуп калууда.

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын аскердик-техникалык чөйрөдө жана коопсуздукту камсыздоо жаатында жигердүү кызматташуусу бүгүнкү күндө аймактагы туруктуулуктун жана коопсуздуктун маанилүү факторлорунун бири болуп калды.

Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасы COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө үлгүлүү тилектештигин көрсөтүп, анын өз жарандарына, соода жана транспортко болгон терс таасирин жеңилдетишти. Эки өлкө тыгыз кызматташууну жана өз ара тилектештигин улантууда.

Эл аралык жана аймактык уюмдардагы окшош позицияларын эске алып Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы эл аралык мамилелер системасын мындан ары демократиялаштыруу жана эл аралык укуктун нормаларын жана принциптерин илгерилетүү үчүн көп тараптуу платформаларда кызматташууну чыңдоого даяр.

Биздин өлкөлөр тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууда, анын ишинин натыйжалуулугун мындан ары жогорулатууда БУУнун борбордук координациялоочу ролун колдошот. Биз мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принцибин урматтоо жана экономикалык чектөө саясатынан баш тартуу менен актуалдуу глобалдык жана аймактык көйгөйлөрдү чечүүгө көп тараптуу жана жамааттык мамилени жактайбыз.

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы терроризмдин бардык түрлөрүн жана көрүнүштөрүн чечкиндүү түрдө айыптайт. Бул көрүнүшкө натыйжалуу каршы туруу биргелешип, саясатташтырбай жана «кош стандарттарсыз», БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү резолюцияларынын жана БУУнун Глобалдык терроризмге каршы стратегиясынын жоболорун так жана кыйшаюусуз сактоо аркылуу мүмкүн деп эсептейт.

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы бир катар эл аралык уюмдардын активдүү катышуучулары катары, Түрк мамлекеттер уюмундагы кызматташтыкты жана тилектештикти тереңдетүүгө жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө багытталган ырааттуу консультациялар жана биргелешкен аракеттер аркылуу Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында жаңы демилгелерди илгерилетүүдө дагы кызматташууда.

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы Түрк мамлекеттер уюмунун ролун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен ишти улантууда.

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, туруктуулугуна жана гүлдөп өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында дүйнөлүк аренадагы диалогго жана кызматташтыкка умтулуусун ырасташат».