Бүгүн, 24-декабрда, президент Садыр Жапаров балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышат. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1 100 бала чакырылды, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрү, Ооганстандын Кичи жана Улуу Памириндеги этникалык кыргыздардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ж. б.

Жаңы жылдык концерттик, театрлаштырылган программа КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфир саат 10:55те башталат.