Садыр Жапаровдун жарлыгы менен «Гознак» ЖЧКсы мамлекеттик маанидеги документтерди даярдайт

от автора

в

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, уставдык капиталынын 65%ы мамлекетке таандык болгон «Гознак» жоопкерчилиги чектелген коому Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде мамлекеттик маанидеги документтерди, Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин бланктарын жана Кыргыз Республикасынын атайын мамлекеттик бланктарын, анын ичинде так эсептеги жана отчеттуулуктагы документтердин бланктарын даярдай турган компания болуп аныкталды.

«Бул жарлык Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоону камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо боюнча мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү ишканалардын (компаниялардын) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик маанидеги документтерди жасалмалоону жана фальсификациялоону болтурбоо максатында жарыяланды», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматынын маалыматында.

Буга байланыштуу Министрлер кабинетине 2 тапшырма коюлду:

— «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук типтеги паспортторунун жана Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоого жана (же) персонификациялоого бул мыйзамды жайылтпоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизсин;

— «Гознак» жоопкерчилиги чектелген коомун Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы №99 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегине киргизсин.


Комментарии

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *