Бүгүн, 24-декабрда Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев атындагы орто мектептин  имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Бул тууралуу  КР Президентинин Баткен обдлусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев  катышты.

Возможно, это изображение (8 человек, люди стоят и на открытом воздухе)

Облус башчысы алгач мектептин жамаатын жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, жаңы билим уясы көптөгөн жылдар бою миңдеген жаш муундарга тарбия, билим берген куттуу жайга айлануусун каалады.

Ачылуу аземдин жүрүшүндө А.Алимбаев пайдаланууга берилген билим уясынын имараты менен да таанышып чыкты.Имарат жалпысынан 275 орунга ылайыкташып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынган.

Белгилей кетсек А.Масалиев атындагы орто мектептин курулушу  2021-жылдын 23-майында башталып, “Аминь” ЖЧК тарабынан курулуш иштери жүргүзүлгөн.Жаны мектеп заманбап эмеректер менен толук шартта курулуп пайдаланууга берилүүдө.

Маалымат катары айта турган болсок, аталган мектеп буга чейин эскилиги жеткендигине байланыштуу өлкө башчы С.Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапарында 8 социалдык объектилердин курулуш иштерине жана капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча тапшырма койгон.

Возможно, это изображение (11 человек, люди стоят, люди играют в волейбол и в помещении)

Кызыл-Бел айылынын тургундары жергиликтүүлөрдүн социалдык маселерине көнүл буруп жаны мектептин курулуусу боюнча өлкө башчысына өздөрүнүн ыраазычылыгын айтышты.

Возможно, это изображение (в помещении)

Белгилей кетсек, Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү максатында өлкө башчысынын атайын жарлыгы чыккан.

Ага ылайык, Баткен облусунун аймагында 8 социалдык объектилердин курулуш иштерине жана капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн республикалык бюджет эсебинен 250,0 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.