Жапон өкмөтү Кыргызстанга “Бишкек-Ош унаа жолун кардын күрткүсүнөн коргоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн 766 миллион сом (9,1 миллион долларга жакын) грант бөлүп жатканын Япония элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Акысыз жардам көрсөтүү боюнча документтерге кол коюу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде өттү. Ага Япониянын элчиси Маэда Шигеки жана каржы министри Алмаз Бакетаев катышты.

Долбоор кар күрткүлөрүнөн коргоо жана кышкысын унаа жолунда кар тосмолорун орнотуу жана белгилөөчү белгилерди берүү аркылуу унаалардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

«Республиканын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн бириктирген Бишкек-Ош унаа жолунун чоң бөлүгү тоолуу аймактарда жайгашкан кар көчкүлөрү жана агымдары көрүү мүмкүнчүлүгүн азайтып, тыгындарды жаратып, кырсыктардын коркунучун күчөтүүдө», — деп айтылат маалыматта. .

Долбоорду ишке ашыруу ички жана эл аралык транспорттук байланыштардагы үзгүлтүктөрдүн азайышына алып келет, ошондой эле экономиканын жандануусуна өбөлгө болот деп күтүлүүдө.