Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында эртең, 25-декабрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналышы өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдагы аткарган ишинин отчету угулуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун иш-аракеттер планы каралат.

Иш чарага Министрлер Кабинетинин бардык мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, мамлекеттик органдардын, КР Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышат.

Мындан сырткары, жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова,     Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов ж. б. катышат.

Министрлер Кабинетинин жыйналышы КТРК, республикалык, облустук телеканалдардын жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Түз эфир башталышы: 9:00.