Кыргызстандык жашы жете элек жарандарды мекенине кайтаруунун үчүнчү этабы өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Москва, Самара, Орёл сыяктуу шаарларда ата-энесинин кароосуз калган үч бала мекенине кайтарылды.

Мындан тышкары, дипломатиялык өкүлчүлүк жашы жете электерге документтерди жасоого жардам берген.