Бүгүн, 25-декабрда  Акылбек Жапаров өзү жетектеген министрлер кабинетинин ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Ал биринчи жолу жалпы тоо-кен тармагын өнүктүрүү маселесине, тактап айтканда, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына байланыштуу сандарды жарыялады.

Анын айтымында, эң кыска мөөнөттө белгилүү жыйынтыктарга жетишилди. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын ИДПсы минус 8,6 пайызды түздү. ИДПнын өсүшү 2021-жылдын март айында гана калыбына келтирилди. 2021-жылдын 11 айында ИДПнын реалдуу өсүшү 2,4 пайызды түздү.

Ал ошондой эле тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө токтолуп, 2021-жылы “Центерра Голддон” 8,9 миллиард сом түшүү пландалганын белгиледи. Акылбек Жапаровдун айтымында, тышкы башкаруу системасы ишке киргенден кийин мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешенин көлөмү 13,5 миллиард сомду түзүп, 4,6 миллиард сомго көп түшкөн.

Энергетика тармагынын тышкы карызы 28 жыл ичинде 2 миллиард 200 миллион долларды түзсө, учурда техникалык жабдуулардын 70 пайыздан ашыгы жараксыз абалда. 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине республикалык бюджеттен 3,3 миллиард сом бөлүнгөн, бирок калкты көмүр менен жетишсиз камсыз кылуу тармактын бардык көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды.

«Бөлүштүрүүчү энергокомпанияларды оптималдаштыруу 1,7 млрд сомго жүргүзүлдү, ал тышкы карызды жабууга багытталат», — деп түшүндүрдү Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, республиканын тарыхында биринчи жолу уставдык капиталы 17 миллиард сомду түзгөн Стабилдештирүү фондун түзүү чечими кабыл алынган.