Кечээ, 27-декабрда Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кеңеш айылына барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, төрайымды Ысык-Ата районунун акими Нуралы Курмантаев жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Керимкуловдор коштоп жүрүштү.

Нургүл Бакирова аталган айылдын аз камсыз болгон эки үй-бүлөнүн балдарына жаңы жыл алдында атайын куттуктап белектерди тапшырды.

Алгач, Кеңеш айылынын жалгыз бой эне С.А. аттуу тургунунун беш баласына белектерди жана азык-түлүктөрдү тапшырып,аталган үй-бүлөгө акчалай дагы жардам көрсөттү. Андан соң, ушул эле айылдын тургуну, жети баланын энеси А.А.нын үйүнө барып кабар алып, балдарга майрам алдында белектерди тапшырды. Бул үй-бүлөгө дагы азык-түлүк жана акчалай жардам берди.

Бакирова жыл сайын жаңы жыл алдында ата-энеси жок, жарым жартылай жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн абалын сурап, кабар алып тураарын билдирди.

«Жаңы жыл майрамын балдар өзгөчө аруу тилек менен күтөт, аларга майрамдык маанай тартуулап, ар дайым көңүлдөрүн көтөрүп туруу керек», — деди ал.

Төрайым балдарга жана аларды тарбиялап жаткан ата-энелерине чын ден-соолук, окууларына ийгиликтерди, жаңы жылда бардык ой-максат, тилектер ишке ашуусун каалады.