Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун атынан жаңы жылдык белектерди тапшырды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы 4-класстын окуучусу Асия Жаныбековага, 3-класстын окуучусу Баймырзе Токтобековго жана Айдана Абдыжакыповага барып, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, телефондорду тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун келе жаткан жаңы жылы менен куттуктайт.