27-декабрдан тарта Кара-Кечеде 10-январга чейин көмүр өндүрүү убактылуу токтотулган. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, участокто өндүрүш планы ашыкча аткарылгандыктан, карьерде тазалоо иштерин жүргүзүп, жаңы көмүр катмарын чалгындоо иштерин жүргүзүү зарыл.

Ишкананын маалыматы боюнча, быйыл төрт айда 500 миң тоннага жакын көмүр казылса, былтыр сезон бою 400 миң тонна көмүр казылып, жеке ишканалар иштеген эмес.

10-январга чейин көмүр сатуу бардыгы үчүн токтотулду. Бирок ЖЭБге көмүр үзгүлтүксүз берилет.

Кыргызстанда суук түшөрү менен энергетикалык каатчылык сезиле баштады. Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлдү. Ортомчулар менен талаш-тартыштан улам Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылык жаралган.