24-декабрда Ош облусунун Алай районунун борбору Гүлчө айылынын кире беришине флагшток орнотулуп, Кыргызстандын желеги илинди. Флагштоктун бийиктиги 33 метрди түзөт. Ал эми желектин узуну 10, туурасы 5 метрди түздү.

Салтанатка Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жергиликтүү тургундар менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышышты.

Маалыматка ылайык, туунун чыгымын жеке ишкер Алмазбек Абдраев каржылаган. Абдраев Кыргызстандагы белгилүү текстиль өндүрүүчүлөрдүн бири.

Ал негиздеген «Текстиль Транс» ишканасынын ачылышы менен Кыргызстандын текстилдик продукцияны импортоодон көз карандылыгы кыскарды. Тактап айтканда, Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан ишкана даяр материалдардан кийим тигүү менен гана алек болбой, сырьену да өзү өндүрөт. Натыйжада, жергиликтүү тигүү өндүрүшүнүн өздүк наркы төмөндөйт деп күтүлүүдө. Ишканада Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдан алынып келинген заманбап технологиялык жабдуу жана жогорку сапаттуу сырье пайдаланылат.

Дал ушул ишкананын масштабы жана максаттары Ата-мекендик текстиль индустриясы келечекте өнүгүп, жаңы чет элдик рынокторду багындыра тургандыгына ишеним берет дешет тармактык серепчилер.

Ал эми Алмазбек Абдраев ишкерликтен тышкары, өлкөнүн коомдук-социалдык турмушуна да активдүү катышып, ар кандай багыттагы жана түрдүү масштабдагы коомго пайдалуу долбоорлорду колдоп, каржылап келет.