2021-жылдын 27-декабрь күнү ИИМдин имаратында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин кеңешчи кичи-элчиси Ли Баоцзе жана Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлү Фань Цзюньвэй менен жолугушуусу болуп өттү.

Жыйынга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары Нурлан Исмаилов жана Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо тармагында, Кыргызстандын аймагындагы Кытай Эл Республикасынын жарандарынын жана ишкердик мекемелеринин коопсуздукту камсыздоо маселеси талкууланды.

Октябрь Урмамбетов эки өлкөнүн ортосундагы көп жылдар бою калыптанып келген жакшы коңшулук мамилелер Кыргызстан менен Кытайдын укук коргоо органдарынын ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө кызмат кылаарына ишенимин билдирди.

Жолугушуу   жылуу жана достук маанайда өттү.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы