Бишкектин Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында кайра шайлоого 18,5 млн сом сарпталат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Эки округда кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өтөт.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү округдан 54, бир мандаттуу округдан 36 талапкер депутаттыкка шайланып келмек. Бирок Биринчи май жана Свердлов округдарында баарына каршы графасы алдыга чыккан.