Сокулукта милиция кызматкерине кол салган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 27-декабрда Сокулук РИИБге Романовка айылындагы үйлөрдүн биринде белгисиз адам үй ээсин бычактап салганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факты Сокулук районунун ички иштер башкармалыгында катталган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, белгисиз адам үйгө кирип үй ээсине бычак сайган.

«Белгисиз бирөө үй ээси уктап жаткан жеринен бычак менен бетине жана ичине сайган. Бул учурда жакындары келип, кол салган адамды кармашкан. Жабырлануучу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн күзөт кызматынын кызматкери, улук сержант Н.Т. экени аныкталган.  Ал оор абалда райондук аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда 50 жаштагы С.П. аттуу жаран кылмышка шектелип кармалды. Бардык жагдайлар иликтенип жатат. Экспертиза дайындалды. Тергөө иштери уланууда», — деп билдирди Сокулук РИИБи.