Бишкекте кампа өрттөнүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдына ала маалыматтар боюнча бүгүн, 28-декабрда саат 12:00 чамасында Бишкек шаарынын Кулатов көчөсүндөгү кампадан өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат түшөрү менен ал жерге 3 өрт өчүрүүчү бөлүм жана атайын штаб тартылган.