Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына келди (Россия Федерациясы). Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, мамлекет башчысынын учагы «Пулково» эл аралык аэропортуна келип конду.

Эске салсак, сапардын алкагында мамлекет башчысы демилгечиси Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин болгон Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекет жетекчилеринин салттуу бейформал жолугушуусуна катышат.