Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Сотто “Альянс” партиясынын мандаттары боюнча Бишкек административдик сотунун чечимине каршы БШКнын кассациялык даттануусу боюнча соттук отурум өттү. Бул тууралуу “Альянс” партиясынын юристи Марат Какишев билдирди.

Анын айтымында, Жогорку сот “Альянс” саясий партиясынын ишин карап Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Эске салсак, БШК 15-декабрда өз чечими менен аялдардын квотасын бөлүштүрүү боюнча жобону өзгөрткөн. Мурда жети мандаттын экөө аялдарга берилсе, эми үчөө бериле турган болгон. Мындай өзгөртүүнүн натыйжасында тизмедеги Жанар Акаевге мандат берилбей, анын ордуна Токтобүбү Оргалчага ыйгарылган. Мындай окуядан кийин “Альянс” партиясы сотко кайрылып, Бишкек шаардык соту Жанар Акаевдин пайдасына чечим чыгарган. Партия бул чечимге макул болбой БШК Жогорку сотко арызданган.