Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекет башчыларынын Санкт-Петербург шаарында Б. Ельцин атындагы Президенттик китепканада өтуп жаткан салттуу бейформал жолугушуусуна катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чара башталардын алдында Шериктештик лидерлери чогуу сүрөткө түшүштү.

Бейформал саммитке Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынынпрезиденти Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев катышууда.