Энергетика тармагынын 28 жыл ичиндеги тышкы карызы 2,2 млрд долларды түзсө, учурда техникалык жабдуулардын 70%дан ашыгы эскирген абалда. Бул тууралуу 25-январда министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында Төрага Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2021–2022-жылдардын күз-кыш мезгилин өткөрүүгө республикалык бюджеттен 3,3 миллиард сом бөлүнгөн, бирок калктын көмүр менен жетишсиз камсыз болушу тармактын бардык көйгөйлөрүн ачыкка чыгарган.

«Тышкы карызды жабууга 1,7 млрд сомго бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияларды оптималдаштырууда үнөмдөлдү», — деди Жапаров.