Президент Садыр Жапаровдун 28-декабрда Санкт-Петербург шаарына (Росия Федерациясы) болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги катышуучу-мамлекеттердин жетекчилеринин салттуу бейформал жолугушуусуна катышты.

Өлкө лидерлери коронавирустук пандемияга биргелешип каршы күрөшүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап, бул көйгөйдөн чыгуунун натыйжалуу жолдору боюнча эксперттердин пикирин угуп, талкуу өткөрүштү.

Бейформал саммитке Белорусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Иш сапарын жыйынтыктап, президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда Бишкек шаарына келди.