2021-жылдын 11 айында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого, ыкчам-издөө ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга, мүлктүк кылмыштарга каршы күрөшүүгө, кызматтык тапшырмаларды аткарууга, кадрлардын профессионалдык даярдыгынын деңгээлин жогорулатууга багытталган комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлдү.
Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматы чет өлкөнүн жарандары тарабынан жасалган кылмыштардын эсебин жүргүзөт. Анын ичинде, чет элдиктердин өздөрү жасаган кылмыштар да, аларга каршы жасалган кылмыштар да эске алынат.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын 11 айында республиканын аймагында чет өлкөнүн жарандары тарабынан 243 кылмыш жасалып, анын ичинен 226 кылмыштын бети ачылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (93 факты) чет өлкөнүн жарандары 150 кылмышты көп жасашкан.
Кылмыштуулукту, мыйзамсыз миграцияны алдын алуу максатында ыкчам-алдын алуу жана башка иш-чаралар жүргүзүлүп, өлкөдө аймагында жүрүүнүн белгиленген тартибин бузуу фактылары аныкталууда.
Чет өлкөнүн жарандары тарабынан жасалган кылмыштардын ичинен алдамчылык, бейбаштык, уурулук, каржы пирамидаларды уюштуруу, тоноо, киши өлтүрүүлөр да катталган.
Кылмыштуулуктун көбүн КМШ өлкөлөрүнөн жана коңшу мамлекеттерден келген жарандар, анын ичинде Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Пакистандын, Түркиянын жарандары жасашкан. Ошондой эле, Улуу Британия, Франция жана башка өлкөлөрдүн жарандары дагы бар.
ИИМдин КМКнын Чет өлкөлүктөргө каршы жасалган кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу бөлүмүнүн маалыматы боюнча 2021-жылдын 11 айында чет өлкөнүн жарандарына каршы жасалган 191 кылмыш катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине (175) салыштырмалуу 16 фактыга көп. Анын ичинен 139 кылмыштын бети ачылган. Эң көп жасалган кылмыштар алдамчылык (51 факт), уурулук (21 факт), тоноочулук (13 факт).
Аймактык жактан алганда кылмыштардын жарымынан көбү (153) Бишкек шаарынын аймагында жасалган.
ИИМдин Басма сөз кызматы