Кечээ, 28-декабрда КР Тышкы иштер министрлигинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан  майыптар коомуна материалдык-техникалык жардам тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Программалык кеңсе ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн окуу класстарды жабдуу үчүн кеңсе техникаларын берди.

Министрдин орун басары А.Мадмаров өз сөзүндө КР Тышкы иштер министрлиги менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, Программалык кеңсенин камкордук аракеттери жана Жаңы жылдын алдында Кыргыз республикалык майыптар коомуна колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, ал бүгүнкү акция Кыргыз республикалык майыптар коомуна тарбиялануучуларын кесиптик жактан өнүктүрүүгө чоң салым кошот деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысынын орун басары Р.Казымова ЕККУ өзүнүн долбоордук жана программалык иш-чараларын ишке ашырууда инклюзивдик мамилелерди жактап, кыргызстандыктар үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн кыргыз тарап менен кызматташууну уланта турганын баса белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар өнүктүрүү долбоорлорунишке ашыруу жана социалдык маанилүү иш-чаралардыбиргеликте өткөрүү үчүн мындан аркы тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.