Кечээ, 29-декабрда Таласта 29 жаштагы келиндин жансыз денеси табылган. Облустук ички иштер башкармалыгы келиндин денесинде көк ала тактар бар экендигин маалымдашты.
Белгилүү болгондой, Талас ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 29-декабрь күнү саат 10:40 чамасында “Тез жардам” кызматынан билдирүү келип түшкөн.
Анда Талас шаарынын тургуну, 1992-жылы туулган Э.Н. өз үйүндө каза болгондугу маалымдалган. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзүп, келиндин денесинде көк ала тактар бар экендиги аныкталган.
Бул факты 130-берене менен каттоого алынып, кылмыш иши козголду. Шектүү катары тергөө бөлүмүндө маркумдун күйөөсү, 1988-жылы туулган Ж.А. кармалууда.
Азыркы учурда окуянын чоо-жайын аныктоо максатында тийиштүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.