Кыргызстанда Касым Тыныстанов тууралуу кыска метраждуу тасма тартылды. Тасма «Этномедиа» Youtube каналына жарыяланды.
Тасманын режиссеру Мурат Мамбетов. Тасма Касым Тыныстанов атындагы фонддун заказы менен тартылган.
Касым Тыныстанов — кыргыз окумуштуусу, акын жана мамлекеттик ишмер. Латын алфавитинин негизиндеги кыргыз жазуусунун негиздөөчүсү (1927-1940).
«Академиялык кечелер» пьесасы жана башка кээ бир чыгармалары үчүн ага улутчулдук жана буржуазиячылдык негизсиз айыпталып, 1937-жылы камакка алынып, 1938-жылы атылып кеткен.
1938-жылы июнь айында Сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, атылып кеткен. Анда ал 37 гана жашта болгон. 1957-жылы Касым Тыныстанов реабилитацияланган.