Ош шаарынын Орке айылындагы Ч. Түлѳбердиев атындагы мектептин курулушу аяктап жана пайдаланууга берилди.
 
        
Учурда подряддык уюм тарабынан бардык курулуш-монтаждоо иштери, ишке киргизүү жана аймакты жашылдандыруу жумуштар аякталды. Эмерек жана ашкана жабдуулары орнотулуп жана окуу процесси үчүн керектүү шаймандар менен жабдылды.
Долбоорго ылайык жаңы мектепте бардык керектүү шарттар түзүлгөн: спорттук зал, жыйындар залы, китепкана, ашкана, дарылоо кабинети, жуунуучу жайлар каралган. Негизги класстык кабинеттерден тышкары мектепте чет тилдер боюнча жана информатика кабинеттери, устаканалар жана кулинария кабинети, химия, физика, география жана биология сабактары боюнча лабораториялары каралган. Класстык бөлмөлөр окуучуларга чакан топ менен жана жеке сабактарды өткөрүүгө ылайыкталган.
Белгилей кетсек, 375 окуучулук орунга эсептелген билим берүү обьектисинин курулушу 2020-жылдын май айында башталган. Объекттин сметалык наркысы 986,750.79 АКШ долларын түзүп, Сауд ѳнүктүрүү фондунун тарабынан каржыланды.