Саясат

Садыр Жапаров депутаттарга кайрылды: «Элдин акчасын үнөмдөө үчүн баарын бириктирип, бир эле башкармалык тейлесин дедик»

Президент Садыр Жапаров Facebook социалдык тармактагы баракчасына 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттарына төмөнкүдөй кайрылуу калтырды:
«7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттары,
“Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы Президенттин Иш башкармалыгы менен биригип калыптыр, кайра өзүнчө бөлүп алалы” деген пикирлериңиздерден кайтышыңыздарды өтүнөм.
Президентти, парламентти, министрлер кабинетин бир эле Иш башкармалык тейлейт. Баарына бирдей баш иет. Себеби бул – мамлекеттик мекеме. Силерди тейлейм, а силерди тейлебейм деген принцип болбойт. Эмне муктаждык болсо, билдирме бересиздер камсыз кылышат. Кылбайбы, арыз жазгыла. Жетекчилери дароо жооп беришет, керек болсо кызматтан кетишет. Өзүнчө бөлүп алганыңарда бюджеттен кошумча көп каражат кетет. Кошумча штаттар ачылат.
Элдин акчасын үнөмдөйлү. Өзүнчө бөлүп алсаңыздар эле бир башкача тейленип кетпейсиздер.
Баарыбызды бир эле Иш башкармалык бирдей тейлеп жатат жана тейлей берет. Төшөгүбүзгө жараша бутубузду суналы. Элдин акчасын үнөмдөө үчүн баарын бириктирип, бир эле башкармалык тейлесин дедик»  – деп жазган мамлекет башчысы Садыр Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button