Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн төмөнкү жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.
Адракаев Совет Оскомбаевичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин артисти;
Арыкбаев Замир Асылбековичке – ырчы, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын “Кыргыз-Руху” фольклордук ансамблинин солисти;
Бекбердинова Жамиля Розалыевнага – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти;
Досбаев Топчубай Жоробаевичке – театр жана кино актеру, “Кыргызстан театр ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;
Көчөрбаева Гүлмира Жоробековнага – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жогорку категориядагы артисти;
Серкебаев Акылбек Жакшылыковичке – Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы балдар музыкалык мектебинин мугалими;
Сүймөналиев Нурлан Шаршенкуловичке – А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти, жетектөөчү сахна чебери;
Тилегенова Үмүт Эсенгуловнага – А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти;
Калдарова Гулнара Имамидиновнага – эстрада ырчысы;