Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында балаты өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-декабрда таңга жуук саат 05:44тө Базар-Коргон шаарында Жаңы жылга карата орнотулган балаты өрттөнүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Жерине №78 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, күйгөн балаты 05:49да чектөөгө алынып, толук 05:52де өчүрүлгөн.

Майрамга карата кооздолуп жасалган балатынын 30 пайызы күйгөндүгү аныкталып, учурда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.