Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Менин эң чын жүрөктөн чыккан Жаңы жылдык жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Эки тараптуу мамилелерди тең укуктуулук, урматтоо жана өз ара кызыкчылыктарды эске алуу духунда куруу менен биздин өлкөлөр конструктивдүү өнөктөштүктүн баа жеткис тажрыйбасын топтошту.

Кыйын мезгилде биз ар дайым бири-бирибизге керектүү жардамдарды жана колдоолорду көрсөтүп динамикалуу жана жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бекем пайдубал түзүп келдик.

Келе жаткан 2022-жылы биз мамлекеттерибиздин жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн белорус-кыргыз байланыштарын биргелешип бекемдейбиз деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана ой максаттардын ишке ашуусун, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.