Лейлек районунун акими А. Рахманкулов кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктап, кыргыз элине ынтымак-ырашкерликти, биримдикти, токчулукту, молчулукту, жетишкендиктерди, өсүп-өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалады.

«Урматтуу  Лейлек районунун тургундары! Урматтуу алыс-жакында жүргөн жердештер! Урматтуу мекендештер!

Бүгүн биз Сиздер менен 2021- жылды узатып, жаңы-2022- жылды тосуп алуунун алдында турабыз. Андыктан Сиздерди, Сиздер аркылуу жалпы райондун калкын  ар бир үйдүн каалгасын чертип, босогосун аттап кирип келген жаңы, 2022- Жолборс жылы менен чын жүрөктөн кызуу куттуктап коюуга уруксат этиңиздер. Жаңы жылыбыз кыргыз элибизге ынтымак-ырашкерликти, биримдикти, токчулукту, молчулукту, жетишкендиктерди, өсүп-өнүгүүнү жана бакубатчылыкты алып келсин !

Өткөн 2021- жыл да өзүңүздөргө белгилүү болгондой бүткүл дүйнөнү түйшүккө салган COVID-19 апаатынын уланышы, шайлоолор жана биздин районубуз үчүн  чек ара коогалаңы менен эсте калды.

Элибиз, өлкөбүз  үчүн өткөн жыл оңой болгон жок, жылыбыз бир топ экономикалык кыйынчылыктар, саясий кампаниялар менен коштолду. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону, мамлекетибизди башкаруу багытын аныктоочу референдумду, жергиликтүү кеңештердин, Жогорку Кеңештин шайлоолорун өткөрүп, өлкөбүздү, аймактарыбызды туруктуу өнүгүүнүн жолуна салуу иштери башталды. Мамлекетибиз жаңыдан шайланган өлкө башчыбыз менен, жаңыланган Конституция, башкаруунун жаңы системасы, жаңыдан шайланган эл өкүлдөрү менен өзгөрүү, өнүгүп-өсүү жолуна түштү десек жаңылбайбыз. Эң негизгиси өлкөбүзгө тынчтык, саясий стабилдүүлүк керек. Ошондуктан ар бир жаран, ар бир кызматкер өзүнүн атуулдук парзын сезип, өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө өзүнүн салымын кошуусу абзел.

Азыркы учур бир гана келечектеги иштерди пландаштырып гана калбастан, артка сарасеп салып, жылдын жыйынтыгын чыгара турган да учур.Өткөн жылдагы бир кыйла кыйынчылыктарга карабастан, эсте калуучу жакшы учурлар да көп болду десем жаңылышпаймын. Айрыкча башка иш түшүп,жардамга муктаж болуп турган мезгилде, элибиздин ынтымакка келип, бир муштумдай түйүлүп, көмөккө келиши бизди кубандырат. COVID-19 илдети менен күрөшүүдө жүрөгүндө мекенчилдик сезими бар биздин жердештерибиз, анын ичинде алыста жүргөн мекендештерибиз районубуз үчүн өтө чоң жардам кылды. Айрыкча мекенчил уулдарыбыз –Расулов Сагын, Разыкулов Акбар баштаган  Москва шаарындагы “Лейлек ынтымагы”, “Лейлек биримдиги”, районубуздун аймагында  түзүлгөн “Лейлегиме жардам” коомдук уюмдарына, жалпы эле жардам көрсөткөн атуулдарыбызга, ошондой эле куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан Кулунду жана Жаңы-Жер айыл аймактарынын элдерине жардам көрсөткөн бүтүндөй мекендештерибизге ыраазычылык билдирип кетемин.

Ошондой эле жакында эле өткөн парламенттик шайлоодо эл ишенимине ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган Талиева Камила Абдуразаковнаны, Темирбаева Миргүл Омурзаковнаны, Ажибаев Чынгыз Илъяскожоевичти да депутаттык мандатты алышы, Жаңы жыл менен куттуктап, жооптуу иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

Урматтуу  Лейлек районунун тургундары!

Урматтуу мекендештер!

Ылайым, жаңырган жаңы 2022-жылда  ынтымактуу элибиздин дилинен ысык ыйман, акыбет, аруулук кетпесин!

Жаңы жолборс жылы ар бир үй-бүлөгө, ар бир жамаатка оомат-дөөлөт, кең пейил, ырыс-ынтымак ыроолосун! Баарыңыздарга жаңы жылда  бекем ден соолук, узак өмүр, иштериңиздерге ийгилик,  бактылуу жана бакубат жашоо каалаймын!

Жаңырган жыл ар бириңиздердин үйүнүздөргө жана үй-бүлөңүздөргө жалаң гана жакшылыктарды алып келсин! Дагы бир жолу жаңы жылыңыздар менен, урматтуу  жердештер!» — деген ал.