Кыргызгидромет агенттиги январь айына карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Алдын ала билдирүү боюнча, бул айда адаттагыдан айырмаланган көрүнүштөр болбойт. Анткен менен өлкөнүн тоолуу аймактарында сууктун күчү 37 градуска чейин жетиши ыктымал.
Абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп -1…-3 градус, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…2 градустан -5…-10 градуска чейин суук, күндүз -2…3 градустан 12 градуска чейин жылышы ыктымал.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градустун тегерегинде болуп, күндүз 2…7 градустан 8…13 градуска чейин жылышы мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү норманын чегинде болору күтүлүүдө.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп -2…-4 градус суук болушу ыктымал.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…1 градустан 6…-11 градуска чейин суук, күндүз -3…2 градустан 6…11 градус болуп өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -13…-18 градуска чейин муздап, күндүз -4…-9 градуска чейин төмөндөшү ыктымал.

Ош облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градус сууктан 4 градуска чейин жылышы ыктымал. Күндүз 0…5 градустан 7…12 градуска чейин жылып, өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 градус, кээ бир түндөрү -10…-15 градуска чейин төмөндөшү божомолдонууда.

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градус суук болсо, күндүз 4 градуска чейин жылып, өзгөрүлүп турушу ыктымал.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 градус, айрым түндөрү суук -5…-10 градуска жетиши мүмкүн.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градус, күндүз 0…5 градустан 7…12 градуска чейин жылышы ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…-2 градус, чыгышында -3…-5 градус суук болушу мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градустан -7…-12 градуска чейин суук, күндүз 3…8 градустун айланасында жылуу болору божомолдонууда.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -10…-12 градус, Кочкор районунда -7…-9 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10 градустан -14…-19 градуска чейин суук, күндүз -2 градустан -4…-9 градуска чейин суук болушу мүмкүн.