Врач Алена Глушакова РИА Новостиге кайсы азыктар кыш мезгилинде иммунитетти көтөрөрүн айтып берген.
Адистин билдиргенине караганда, жашылча-жемиштин өңү-түсү курамында организм үчүн кандай пайдалуу заттар бар экендигинен кабар берет.
«Мисалы, кызыл өң антиоксиданттын ролун аткаруучу ликопиндин көптүгүн билдирет. Башкача айтканда, ал организмде оорунун сезгенүүсүн алдын алат. Ликопин дарбызда, помидордо, клюквада, кызыл грейпфрутта, кызылчада жана чамгырда бар», — деди Глушакова.
Жашылчалардын ичинен жашыл түстүү брокколи, авокадо, алма, бадыраң жана кивинин курамында лютеин, темир, кальций, фолий кычкылы бар.
«Көк, сыя көк түстөгү жашылча-жемиште организмдин айлана-чөйрөнүн терс таасирине туруктуулугун жогорулатуучу, кан тамырларды бекемдечүү, эмоционалдык толкунданууну азайтып уйкуну, маанайды жана эс тутумду жакшырта турган полифенолдор менен биофлавоноиддер кездешет. Булар карагаттын, сыя көк капустанын, инжирдин жана кызыл пияздын курамынан табылат», — деди врач.
Ошентсе да адис иммунитетти витаминдерге бай, туура, тең салмактуу тамактануу эле эмес, жумуштун жана эс алуунун режими, дени сак жашоо образы да бекемдей турганын кошумчалады.