Быйылкы жылда Евразиялык экономикалык биримдигине төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында кабарланды.
2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразия өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешине төрагалык кылат. Маалым болгондой, төрагалыктын алкагында Бишкекте ЕЭКтин жыйыны жана Евразия экономикалык форуму (2022-жылдын май айында), Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өтөт.
2021-жылы ЕАЭБге Казакстан төрагалык кылган.
Келишимдерге ылайык, мүчө мамлекеттер ЕАЭБге төрагалык кылуу милдетин алфавит тартибинде бир жыл ичинде аткарышат.
Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.