Баткен облусунун Лейлек районунда «Арка» көмөк чордону жаңыланды.
Аталган курулуш иштери «Баткен облусундагы Арка өрөөнүн электр кубаты менен камсыздоону жакшыртуу» аталыштагы долбоор алкагында ишке ашырылды.
Аталган долбоордун алкагында жогорку чыңалуудагы жаңыланган «Арка» көмөк чордону 51 чакырымды түзөт жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгу 4 айылга жана 4 насоско электр энергиясын берет.
 Булак: Биринчи радио, Кадыр Калилов.