Коом
Кыргызстанда спирт ичимдиктеринин баасы кымбаттады
Быйыл 1-январдан тарта арак жана ликер-арак ичимдиктерине, күчтүү суусундуктарга акциз 1 литр үчүн 120 сомдон 140 сомго чейин жогорулады.
2023-жылдан тарта акциз 160 сомго дагы көтөрүлөт.
Этил спиртине акциздин наркы 1 литр үчүн 140 сом өлчөмүндө белгиленди, мурда 120 сом болчу. Кийинки 2 жылда акциз салыгы жыл сайын 20 сомго жогорулайт.
Коньяктарга акциз 1 литр үчүн 80 сомдон 90 сомго чейин жогорулаган. 2023-жылдан баштап 100 сомду түзөт.