Elite House курулуш фирмасынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев Ысык-Көлдө курула турган «Асман» долбоорунун жетекчиси болуп дайындалганын билдирди.
2021-жылдын июль айында президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна караштуу Тору-Айгыр айылына жакын жерде 500 миң адамга ылайык инновациялык «Асман» шаарын куруу пландалып жатканын кабарлаган. Бийлик «Асман» Кыргызстандын экономикалык жана туристтик борбору болорун айткан. Болочок шаардын долбоордук чечимдерин иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык топ түзүлгөн.
Файзиев өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу «Асман» шаарын куруу боюнча дирекциянын жетекчиси болуп дайындалганын айтты.
Ал эми президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алтынбек Жумаев Sputnik агенттигинин кабарчысына Файзиевдин дайындалышы боюнча маалыматы жок экенин билдирди.
28-май күнү Аскер прокуратурасы Elite House курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Ал Бишкектин аймагынан жер алууда коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелген. Мындан тышкары, курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзгөн деп дагы айыпталып жаткан.
Биринчи май райондук соту Файзиевдин сыртынан бөгөт чарасын карап, аны №1 тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган, бирок кийин бөгөт чарасы өзгөртүлгөн. Анын жүргөн жери белгисиз болчу.
Кийинчерээк Файзиевдин иши УКМКга өткөнү кабарланган. Бизнесменге карата ачылган иш тергелип жаткан-жатпаганы белгисиз. УКМК жооп бере элек.