Казакстандын Жанаозен шаарынын тургундары жаратылыш газга болгон бааны төмөндөтүү талабы менен массалык түрдө митингге чыгышкан. Коңшу өлкөнүн басылмалары аталган аймакта 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге чейин көтөрүлгөнүн жазышат.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен өкмөт комиссия түздү.

“Суюлтулган мунай газынын баасын жөнгө салуу боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашырат. Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттик май куюучу жайлардын ээлери менен бааларды сүйлөшүп алуу боюнча иликтөө иштерин баштады. Баа коридорлорун түзүү аркылуу баалардын узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылуу жана газдын баасынын алып-сатарлык көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча системалуу чаралар ишке ашырылат”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда Мангистау облусундагы май куюучу жайлардын ээлери бизнестин социалдык жоопкерчилигинин алкагында газдын литрин 120дан 85-90 теңгеге чейин арзандатуу боюнча демилгелүү чечим кабыл алышканы белгиленди.

Өкмөт, Мангистау облусунун акимиаты жана прокуратура менен бирдикте коомдук тартипти бузууга байланыштуу болгон окуяларга укуктук баа берүү боюнча чараларды көрөрү маалымдалды.