Ысык-Көл облусундагы Каракол тоо лыжа базасынын токойлорун кыюу пландалган эмес. Бул тууралуу жаратылыш паркынын директору Туратбек Муратбек уулу билдирди.

Анын айтымында, Karakol White Hills коттедждерин куруу пландалып жаткан жерлер Каракол лыжа базасына тиешелүү.

«Алар бул жерди ижарага алып жатышат, жаңы келишим тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес, коттедждерди куруу боюнча гана долбоорлор болгон. Жаратылыш министрлиги жана жаратылыш паркы бул долбоорго макул эмес, аларды курууга уруксат бербейбиз, жергиликтүү администрациянын жана жаратылыш паркынын уруксатысыз бир да бак кыйылбайт. Баардыгы көзөмөлдө», — деп жыйынтыктады парктын директору.

Буга чейин ЖМКларда Караколдогу тоо лыжа базасында Karakol White Hills коттедждик шаарча куруу үчүн бактарды кыюу боюнча маалымат тараган. Ошондой эле коттедждерди сатуу боюнча жарнамалар да пайда болгон. “Ысык-Көлдөгү “Каракол” лажы базасынын так ортосунда: “Каприз” мейманканасынын өйдө тарабындагы эки лыжа трассасынын ортосунда курулат”, — деп айтылат курулуш компаниясынын билдирүүсүндө.