Кыргызстанда 5-январга карата коронавирус 152 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 112, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 12, Ош облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 53 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 271 бейтап, амбулатордук түрдө 414 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 185 миң 31 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 50 киши айыгып чыкса, 2 миң 809 адам каза болду.