Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев массалык нааразылыктардан улам бүгүн, 5-январда  өкмөттүн курамы менен жыйын өткөрдү.

Маалыматка ылайык, Токаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык мамилелерди чечүү үчүн бир нече тапшырмаларды койду.

180 күндүк мөөнөттө бензинге жана дизелдик отунга, суюлтулган газга кошумча бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү;

— социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына мамлекеттик бааны жөнгө салууну киргизүү. Чечим конкреттүү аймактын социалдык-экономикалык абалына жараша облустун акимдери тарабынан кабыл алынат;

— «Жеке жактардын банкроттугу жөнүндө» мыйзамды иштеп чыгууну улантуу;

— 180 күндүк мөөнөткө калк үчүн коммуналдык кызматтардын тарифтерин жогорулатууга мораторий киргизүү зарылдыгын кароо.

Мындан сырткары, президент Токаев Алматы жана Мангыстау облустарында башталган массалык митингдерге Энергетика министрлиги менен «Казмунайгаз» компаниясын күнөөлүү деп айыптады.