Экс-депутат Рыскелди Момбеков Бишкектин кайра шайлоо өтчү эки округунун бирине талапкер болуп катталды. Бул тууралуу маалымат БШКнын сайтына жарыяланган.

Экс-депутат Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022

Момбеков Биринчи май шайлоо округунан өзүн өзү көрсөтүү жолу менен бара жатат. Талапкер арызын кечээ саат 17:30да жазган.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Момбеков «Социал-демократтар» партиясынын тизмеси менен катышкан. Анда аталган саясий уюм босого чектен өтө алган эмес.

Бишкектин Свердлов жана Биринчи май округдарында 27-февраль күнү кайра шайлоо өтөт. Ноябрда ушул эки аймакта «баарына каршы» графасы көп добуш алып, кайра шайлоо белгиленген.

Буга чейин аталган эки округдан 14 киши талапкерлигин койгону айтылган.

Свердлов шайлоо округу:

1.Атазов Шайлообек Икрамович;

2.Султанбеков Муратбек Кеңешбекович;

3.Бейшенбаев Эдил Нурбекович;

4.Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;

5.Жолдошова Назгүл Амантуровна;

6.Асанбеков Жаныбек Асанбекович;

7.Алмамбетова Гуля Идиновна.

Биринчи май шайлоо округу:

1.Гапаров Адылбек Абдикаримович;

2.Акылбеков Русланбек Акылбекович;

3.Аматов Рысбай Аматович;

4.Сартаев Анвар Айдарович;

5.Токтакунов Нурбек Акбарович;

6.Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;

7.Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна.