Бишкектеги орточо айлыктын көлөмү 25 миң сомдун тегерегинде. Бул тууралуу Бишкекти социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн 2021-2026-жылдарга каралган программанын долбоорунда айтылган.

Маалыматта борбор калаа республиканын ички дүң продукциясынын 40 пайызын камсыздай тургандыгы жана бардык салыктык жыйымдар менен салыктык эмес төлөмдөрдүн 46 пайызын берери айтылган. Ал эми шаарда иштеп жаткандар өлкөдөгү жумуш менен камсыз болгондордун 20 пайызын түзөт экен.

Долбоордо шаардын бир жашоочусуна дүң продукциядан 227 миң сом туура келери жана 6 470 миң сомдук жашоо минимумду эске алганда республика боюнча орто айлык алары кабарланган.

“Мындай шарт шаардыктардын жашоо-турмушунун жакшырышына, орточо жашынын узарышына өзүнүн таасирин тийгизет. Ал азыркы учурда 71,5 жашты түзөт”, — деп айтылган маалыматта.

Бул жерде 2021-жылдын январь-октябрь айына карата чыгарылган маалыматтар пайдаланылды.

Шаардын экономикасы негизги үч багыттан турат. Алар: соода жана кызмат көрсөтүү, курулуш, өнөр жай тармагы.

Экономиканын 60 пайыздан ашыгы соода жана кызмат көрсөтүүгө байланышкан. Курулуш Бишкектин экономикасында маанилүү болуп, экинчи орунда туруп, 10 пайызга чукул үлүштү ээлейт.