Кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө милдеттүү делген ПЧР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүү талабы алынды.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, мындай чечим боордош Казакстандагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Казакстандагы окуяларга байланыштуу коңшу мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасы менен чек арадан өтүүдө.

Эске сала кетсек, бир нече күндөн бери Казакстандын шаарларында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары өтүп жатат — 1-январдан тарта анын баасы литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жеткен нааразылык акциялары республиканын бир катар шаарларында, анын ичинде Нур-Султан жана Алматыда өттү.