Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 инфекциясынын 206 жаңы учуру аныкталып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 143, Ош – 16, Чүй облусу – 12, Ош – 2, Талас – 3, Нарын – 1, Ысык-Көл – 11, Жалал-Абад – 18 адамдан коронавирус аныкталган.

Кыргызстанда бир суткада эки адам коронавирустан каза болду.

Өлүмгө учураган учурлар Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда катталган. Бейтаптар эмдөөдөн өткөн эмес.

2020-жылдын март айынан бери расмий маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирустан 2811 адам каза болду.