Коом

Казакстанга аскерлер Жогорку Кеңештин макулдугу менен жиберилет. Конституциядагы норма

Кыргызстандын аскер күчтөрүн башка аймактарга чыгаруу маселеси Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин макулдугу менен чечилет. Бул туурасында Конституциянын 11-беренесинде жазылган.
Демек, мындай кырдаалда кеминде 60 депутат макулдук бериши керек.
Аталган берене төмөнкүчө:
1. Кыргыз Республикасы экспансиялык, агрессиялык жана согуштук максаттарды көздөбөйт.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу екүчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык түзүлөт.
2. Кыргыз Республикасына жана жамааттык коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы агрессия жасалган учурларды кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн мамлекеттик ички саясий маселелерди чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
4. Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен ынтымак жана адилеттүүлүк, өз ара пайдалуу кызматташуу, ааламдык жана аймактык көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүү принциптеринде жанаша жашоого умтулат.
Бүгүн саат 14:00дө Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулганы жатат. ЖКдагы ишенимдүү маалымат булактар ЖККУнун алкагында Казакстанга тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жиберүү маселеси караларын айтууда.
Ал эми түндө президент Садыр Жапаров ЖККУ өлкөлөрүнүн бир катар лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, коңшу өлкөдөгү кырдаалды талкуулашкан.
Белгилей кетсек, 6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмдун жетекчилиги тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктура жана башка объектилерди кайтаруу үчүн барат.
Булак: Спутник.кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button