Өзгөн районунун Шамал-Терек айылында курулушу аяктаган Рысбай Конкошев атындагы жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктүу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мектептин курулушу 2019-жылы башталган.

«Жаңы мектептин имараты заманбап типте курулуп, 375 окуучуга ылайыкталган. Жалпы сметалык баасы 66 млн сомду түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Аталаган айылда окуучулар жаңы мектептин курулушу пайдаланууга берилгенге чейин почта кызматынын имаратында, үйлөрдө, акыркы убакта онлайн режимде окуп жатышкан. Учурда бул мектептин химия бөлмөсү, коомдук иштерди өткөрүү үчүн 216 орундуу бөлмөсү, суусу, канализациясы бар. Мектепке акын, белгилүү адабиятчы, публицист, сынчы Салижан Жигитовдун бурчу уюштурулган.

Мектептин ачылуу аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, аким М.Раматов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жалпы облус боюнча 540 мектеп бар.